Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 107
Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №123 Мыйзамынын 30; 33-пунктарына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылга иш планы бекитилсин
( иш план тиркелет)
2. Токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги
II сесссиясынын № 107 токтомуна
№1 тиркемеси
№ | Каралуучу пландуу сунушталган маселелер | Каралуу убактысы | Кайсы туруктуу комиссия, ким тарабынан маселе даярдалат |
1.1 | Баткен шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө | 2025-жыл январь | Ахмедова Ч Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.2 | 2024-жылга Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты соиалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы б-ча шаар мэринин отчетун угуу жөнүндө
| 2025-жыл январь | Ахмедова Ч Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.3 | Баткен шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө иш чараларын бекитүү жөнүндө | 2025-жыл январь | Ахмедова Ч Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.4 | Баткен шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
| 2025-жыл Январь | Ахмедова Ч Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.5 | Шаардагы тариф саясаты анти монополиянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
| 2025-жыл январь | УМНЫ комиссиясы,
|
1.6 | “Баткен Таза Суу ишканасынын аткарып жаткан иштери жана шаар калкынын таза суу менен камсыз болуусунун абалы жөнүндө | 2025-жыл февраль | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.7 | Баткен шаарында санэпид кызматтарынын жүрүшү -ветеринардык кызматтардын көрсөтүлүшү жөнүндө - мал жандыктардын калдыктарынын жок болунушу -шаардык мал базардын ветеринардык кызматтарды алуусу -медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүндө медициналдык калдыктардын жок болунушунун абалы (шаардагы бардык менчигинин түрүнө карабай) | 2025-жыл Февраль | Соц.комиссия |
1.8 |
Шаардагы коп жылдык бактарды жана айдоо жерлерди ижаралоонун абалы жөнүндө
| 2025-жыл Февраль | Курулуш, муниципалдык менчик комиссиясы |
1.9 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууда жүргүзүп жаткан иштерин жана 2025-жылга жайыт төлөм акыларын бекитүү жөнүндө | 2025-жыл март | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.10 | Баткен шаарындагы корукка алынган жерлердин, эстеликтердин, музейлердин, маданий жайлардын, китепканалардын абалы жөнүндө
| 2025-жыл Март | Таштанов А Соц. Туруктуу комиссиясы |
1.11 |
Шаардагы үрөөнчүлүк жана “Баткен-Тегирмен Башы” чарбаларынын ишмердүүлүгү | 2025-ж март | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.12 | Баткен шаарынын өзгөчө кырдаалдын алдын алуунун абалы жөнүндө | 2025-жыл март | Таштанов А УМНЫ беруу комиссиясы |
1.13 | Баткен шаарынын ички көчөлөрүн, коомдук жайларын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана аларды күтүүнүн (кароонун) абалы жөнүндө. | 2025-жыл февраль | Таштанов А Соц.комиссия |
1.14 | Баткен шаардык муниципалдык автобазанын ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө | 2025-жыл Апрель | Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссия |
1.15 | Шаардын аймагында сугат сууну пайдалануу жана жеткирүү маселелери жөнүндө
| 2025-жыл май | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.16 | Шаардагы Аксакалдар кеңеши, Аялдар кеңеши жана Аксакалдар сотторунун, Жаштар кеңешинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
| 2025-жыл май | Таштанов А УМНЫ берүү туруктуу комиссиясы |
1.17 | Зордук зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө -экстремизим, терроризм иштеринин абалы -дин иштери комиссиясы, - ички иштер бөлүмү -пробациянын абалы -жазаларды аткаруу (окуучулар жана атайын окуу жайлардын студенттери)
| 2025-жыл май | Таштанов А Мыйзамдуулук укук жана Соц.комиссия |
1.18 | Муниципалдык менчик департаментинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө -кыймылдуу кыймылсыз мүлктөрдүн абалы -айыл чарба жана айыл чарба эмес жерлер -азык түлүк коопсуздугу жаатында аткарылган жумуштар -жаныдан курулган имараттарды муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
| 2025-жыл июнь | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.19 | Шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөр жана аялуу катмардагы, көп балалуу үй бүлөөлөрдө балдарды колдоонун абалы жөнүндө | 2025-жыл Июнь | Таштанов А Соц. комиссия |
1.20 | Баткен шаарында ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштоо инспекциясы (ИДН) ишмердүүлүгү жөнүндө | 2025-жыл Июль | УМНЫ комиссиясы |
1.21 | Шаарда спорт жана дене тарбия иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө
| 2025-жыл июль | Таштанов А Соц.комиссия |
1.22 | Баткен шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо. | 2025-жыл июль | Ахмедова Ч Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.23 | ЕБРРдин долбоору менен “Баткен шаарынын ичүүчү таза суу жана булганыч сууларды тазалоо реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү жөнүндө
| 2025-жыл июль | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.24 | Жалпы пайдалануудагы жер аянттарынын абалы жөнүндө (инфраструктурасы) | 2025-жыл июль | Таштанов А Соц.комиссия |
1.25 | Шаардагы билим берүү мекемелеринин балдар бакчаларынын, мектептердин жаңы окуу жылына карата материалдык-техникалык базасынын даярдыгы -Күз-кышка карата даярдыгы | 2025-жыл август | Таштанов А Соц.комиссия |
1.26 | Шаар ичиндеги таштандыларды алып чыгып жок кылуу жана таштандыларды кайра иштетүүнүн маселелери жөнүндө | 2025-жыл сентябрь | Таштанов А Соц.комиссия |
1.27 | Шаардагы муниципалдык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн абалы жөнүндө | 2025-жыл октябрь
| Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.28 | Баткен шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2025-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө | 2025 октябрь | Ахмедова Ч Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.29 | Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылга отчетун угуу жөнүндө | 2025-жыл декабрь | Алдашова Ж Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
1.30 | Баткен шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуунун профилактикалык иштердин абалы жөнүндө -жол кыймылынын абалы
| 2025-жыл Декабрь | УКМНЫ комиссиясы |
|
2.Уюштуруу иштери
|
|
|
2.1 | 2026-жылга шаардык Кеңештин иш планынын долбоорун иштеп чыгуу -туруктуу комиссиялардын иш планын иштеп чыгуу | 2025-жыл декабрь | Туруктуу комиссиялар
|
2.2. | Шаардык Кенештин кабыл алган токтомдорунун аткарылышынын анализи | Ар бир сессияда | Алдашова Ж |
2.3 | Шаардык жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен ачылган шаардык кызмат көрсөтүү мекемелеринин абалы | 2025-жыл январь | Тийиштүү комиссиялар |
2.4 | -“Ардактуу атуул” наамын; -“Жаш кеменгер” наамын жана шаардагы аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жана өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө | Жыл ичинде | Тийиштүү 2 туруктуу комиссия |
2.5. | Шаар аймагындагы жашоочулардын жеке кайрылууларын кароо;
| Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
2.6 | Шаар мэриясынын жана шаардык кызматтардыншаардын ар тараптуу өсүп- өнүгүүсү үчүн тийиштүү ченем жаратууга сунуштарын кароо; | Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
2.7 | Шаар калкы менен жолугушуу жана алардын наказдарын аткарууга жетишүү
| Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
2.8 | Шаардагы коомдук иштерге жана окуу-семинарларына, жолугушууларга катышуу
| Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова