Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 110
Баткен шаарынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункттарына, Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрдагы отурумунун корутундусунун негизинде Баткен шааардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык Кеңештин 2212 “байланыш кызматы беренесинен “ 10000 сом кыскартылып, шаардык Кеңештин 2211 “кызматтык кыдырууга чыгашалар” беренесине 10000 сом жылдырууга макулдук берилсин.
2. Баткен шаардык Кеңешинин 2111 “Эмгек акы” беренесинен 500000 сом, Баткен шаар мэриясынын 2721 “калкка социалдык жөлөк пул” беренесинен 450000 сом, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 2215 “дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу” беренесинен 480000 кыскартылып, Баткен шаарынын мэриясынын 2111 “Эмгек акы беренесине” 1130000сом, 2121 “социалдык төлөмдөр” беренесине 250000 сом, 2231 “коммуналдык чыгымдар” беренесине (электр энергия) 50000 сом кошулуп берилсин
3.Токтом шаар калкына шаардык шаардык Кеңештин расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаевге/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |