Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 111
“Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарынын (ТТК) топтолуусунун бааларын жана төлөм акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзаамынын 34-беренесинин 11-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-12/2024 Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрдагы отурумунун протоколунун жана корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1.”Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарынын (ТТК) топтолуусунун баалары жана төлөм акылары
№1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
2. Шаар аймагында таштандыларды чыгаруу наркы жана сатуу баасынын эсептик көрсөткүчү №2 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн (№2 тиркеме тиркелет)
3.Ташылып чыгарылган таштандылардын туруш наркын жана сатуу баасынын эсептик көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн (№3 тиркеме тиркелет)
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жиберилсин
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы, экономика, өнөр жай жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Р.Орозбаев) тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын II сессиясынын
№ 111 токтомуна №1 тиркеме
БЕКИТЕМ МАКУЛДАШЫЛДЫ
Баткен шаардык Кеңешинин Баткен шаарынын мэри
төрагасы
______________А.Аширов ____________И.Бурканов
24-декабрь 2024-жыл 24-декабрь 2024-жыл
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен-Тазалык” МЧЭИнын коммуналдык кызматтарынын 2025-2026-жылдарга төлөмдөрүнүн
Бааларынын көрсөткүчү
№ | Кызматтардын аталышы | Бирдиктүү өлчөмү | Ай сайын
| Суммасы (сом менен) |
1 | Калкка | 1 адамга | 1 айга | 25 сом |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1м2 ( аянт) | 1 айга | 30 сом |
3 | Кафе,ашканалар | 1м2 (имарат) | 1 айга | 20 сом |
4 | Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга | 1м2 (имарат) | 1айга | 30 сом |
5 | Курулуш калдыктары жана күл | (ГАЗ 53) | 1 рейс | 3000 сом |
6 | Өз алдынча таштанды жайына таштанды алып чыккан автоунаалар (таштанды жайына чыгарганы үчүн) | 1 (портер) 1 (лабо) | 1 рейс | 1000 сом |
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын II сессиясынын
№ 111 токтомуна №2 тиркеме
Таштандыларды чыгаруу наркы жана сатуу баасынын эсептик көрсөткүчү
Калк үчүн:
Көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөрдө жашаган элдерден каттуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматынын наркы 1 адамга айына 25 сомду түзөт ;
Шаар ичинде каттуу тиричилик калдыктарын калк үчүн :
1 адамга 1 жылга 1,1 м 2 түзөт
Тариф 1,1 м2 каттуу тиричилик калдыктарды чыгаруу үчүн
2500 200 сом (2025-жылда түшүүчү киреше) : 300 сом ( 25 сом*12 ай) =8334 адам
8334 адам*1,1 м2 =9167,4 м2 (топтолгон мусор)
(9 167,4 м2*0,33 м2 айлантканда = 3025,24 м2
8334 адам *300 сом (25 сом *12 айга)= 2500 200 сом
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын II сессиясынын
№ 111 токтомуна №3 тиркеме
Таштандыны чыгаруу наркы жана кызмат көрсөтүүнүн баасы
Коммерциялык түйүндөр үчүн:
Коммерциялык түйүндөрдөн каттуу таштандыларды чыгаруу наркы 1м2 (аянтка) 20 сом шаар ичинде:
Шаар ичинде каттуу таштандыларды чыгаруу үчүн:
Азыркы күндөгү каттуу тиричилик калдыктарынын тарифтик наркын чыгаруу үчүн:
500000 сом (2025-жылда түшүүчү киреше): 240 сом ( 20 сом* 12 айга)= 2 083,34 м3
2083, 33 м2 * 0,33 м2= 687,50 м 3 (топтолгон таштанды)
( м2 =м3 аланганда = 687,50 м3
2083,34 м 2 * 240 сом (20 сом* 12 айга) = 500000
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова