ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №2-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 16- апрелиндеги № 10/1
Оргочор айыл аймагынын бюджетин бекитүү жѳнүндѳ
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жетекчиликке алып, Ак-Дѳбѳ, Светлая Поляна, Оргочор, Ак-Шыйрак айыл аймактары биригип Оргочор айыл аймагы болуп түзүлгѳндүгүнѳ байланыштуу жергиликтүү бюджетти бекитүү жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Жумашовдун жана айыл ѳкмѳтүнүн социялдык экономикалык ѳнүгүү жана статистика боюнча бѳлүм башчы Ч.Казиеванын билдирүүлѳрүн угуп, талкуулап жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Оргочор айыл аймагынын бюджети 111 302,1 (жүз он бир миллион үч жүз эки миң бир жүз) сом менен бекитилсин.
2. Ак-Дѳбѳ, Ак-Шыйрак, Светлая Поляна, Оргочор айыл аймактарынын 2024-жылга бекиген бюджетинин негизинде иштер үзгүлтүксүз аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовго жүктѳлсүн.
4. Жергиликтүү кеңештин финансы пландоо туруктуу комиссиясына көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков