Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 112
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОнун аймагынан “2022 аскер бөлүгүнө ок атуу үчүн мөөнөтсүз пайдалануу үчүн”бекитилип
берилген 30 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансфрмациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-ноябрындагы №02-12/4731 катына, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2024-жылдын 28-августундагы 01-13/2981 бүтүмүнүн, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОнун аймагындагы “2022 аскер бөлүгүнүн ок атуучу “таштуу жайыт жерлер” категориясындагы 30га жер аянтын “Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу менен аскер обьектилеринин курулуштарын куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин
2. Кызыл-Жол АТОсундагы 2022 аскер бөлүгүнүн жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |