Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 113
Баткен шаарынын Келечек АТОсунун М.Нургазыев №2в дарегиндеги Умарова Убадаттын “турак жай багыттагы” (Ж-1) 36,21 м2 менчик жер аянтын, “шаардын борборунун мамлекеттик жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы” Ц-1 жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 22-февралындагы №02-6/92 катына , Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Келечек АТОсунун М.Нургазыев №2в дарегиндеги Умарова Убадаттын “турак жай багыттагы” (Ж-1) 36,21 м2 менчик жер аянтын, “шаардын борборунун мамлекеттик жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы” Ц-1 жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берилсин
2. Умарова Убадаттын менчик жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |