Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 114
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түштүк-чыгыш тарабынан 49 га жер аянтына “Окуу-машыгуу талаасын курууга, жер аянтынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын 2024-жылдын 23-декабрдагы №01-12/5099 катына , Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-декабрындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түштүк-чыгыш тарабындагы “ айыл чарба ” категориясындагы (таштуу жайыт) 49 га жер аянтын “окуу- машыгуу талаасын курууга” “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин
2. Чет-Булак аймагынан бөлүнүп берилүүгө тийиш болгон 49 га жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |