Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 115
Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун МСО участкасынан 7,50га, Аэропорт участкасынан 4,36 га жер аянттарына “Мамлекеттик ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү” куруу категориясына которууга (трансформациялоо)
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын 2024-жылдын 23-декабрдагы №01-12/5099 катына , Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-декабрдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун МСО участкасынан 7,50га, Аэропорт участкасынан 4,36 га жер аянттарына “Мамлекеттик ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү” куруу үчүн жалпы 11,86 га жер аянты “калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин
2.Аталган жер аянттарынын категорияларын өзгөртүүгө керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |