Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 116
“Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын М.Салихов көчөсүндөгү Айдарова Зулфинисо Раджабовнанын 0,07 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба” зонасындагы, жер аянтын Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №42 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-мартындагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-декабрндагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын М.Салихов көчөсүндөгү Айдарова Зулфинсо Раджаповнанын 0,07 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба” зонасындагы, жер аянтын Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилген 2024-жылдын 3-апрелиндеги №42 токтомуна өзгөртүү киргизилсин
2.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын М.Салихов көчөсүндөгү Айдарова Зулфинсо Раджаповнанын 0,06 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба” зонасындагы, жер аянтын Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилсин деп окулсун
3.Айдарова Зулфинсо Раджаповнанын жер аянтынына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |