Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21-июнундагы № 11
Муниципалдык ишканаларды бириктирип, ишин жөнгө салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-фералындагы №52 “Пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Оргочор айыл аймагында уюшулган муниципалдык ишканалдардын ишин жөнгө салуу максатында токтом кылам:
1. Оргочор айыл аймагында муниципалдык ишканаларды бириктирүү боюнча сунуштар эске алынсын.
2. Мурдагы Светлая Поляна, Ак-Дѳбѳ, Оргочор жана Ак-Шыйрак айыл аймактарында түзүлгѳн муниципалдык ишканалар бириктирилсин.
3. “Муниципалдык буйрутма” (Муниципалдык заказ) аркылуу уюшулган ишканаларга аймактын жашылдандыруу- көрктөндүрүү, айыл чарба багытындагы сугат суу, каналдарды оңдоп түздөө иштери, таза суу, кум шагыл алуу карьерлер менен тескөө иштерин алып баруу жактары жүктөлсүн.
4. Аймактын ичинде ыкчам жасала турчу иштерди муниципалдык ишкана аркылуу бүтүрүү жагы каралсын.
5. Муниципалдык ишканаларды бириктирүү жана ишин жөнгө салуу айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин Финансы -пландоо маселелер, айыл чарба жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрага, төрайымдарына тапшырылсын.
Төрага А. Тыныбеков