ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21-июнундагы № 12
“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени башкаруунун тартибин бекитүү тууралуу.
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Жумашовдун дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө сунушун угуп, Оргочор жергиликтүү кенештин сессиясы токтом кылат:
1. «Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» жергиликтүү маанидеги маселени башкаруунун тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин, анын ичинде дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана милдеттерди аткаруу бөлүгүндө Тартиптин аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Жумашов камсыз кылсын.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин Финансы -пландоо маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Тыныбеков