Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезексиз II (экинчи) сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 12/II-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкесинде жайгашкан Алмалуу айылындагы “Almaluu rest Zone” эс алуучу жайын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык – Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-декабрындагы №03-13/1621 “Алмалуу айылындагы “Almaluu rest Zone” эс алуучу жайды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Алмалуу айылындагы “Almaluu rest Zone” эс алуучу жайды Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Алмалуу айылындагы “Almaluu rest Zone”эс алуучу жайды Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча мыйзам чегинде иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссия жана айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |