Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21-июнундагы № 13
Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жана муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жѳнүндѳ жоболорун бекитүү жѳңүндѳ
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Жумашовдун “Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобосун жана “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби” жѳнүндѳ жобосун бекитүү тууралуу сунушун угуп, талкуулап Оргочор жергиликтүү кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жѳнүндѳ жоболору тиркеме № 1, № 2 ылайык бекитилсин.
2. Мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди ѳз алдынча жүзѳгѳ ашыруу жана мүлктү эсептен чыгаруу боюнча иш чаралардын толук жана туура жүргүзүлүшү, документтик тариздѳѳ жана финансылык эсептѳѳлѳр боюнча иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Жумашовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин Финансы-пландоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Тыныбеков