Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21-июнундагы № 14
Оргочор айыл аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Муз-Булак» жана “Бел-Совхоз О” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Жумашов Жыргылбек Кубанычбековичти угуп, талкуулап Оргочор жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. «Муз-Булак» жана “Бел-Совхоз О” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын
2. Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысына:
1) «Муз -Булак» жана “Бел- Совхоз О” суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн.
2) «Муз-Булак» жана “Бел- Совхоз О” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
3) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарышылын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы-пландоо маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Тыныбеков