Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезексиз II (экинчи) сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 13/II-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин №173/XXVΙ-28 “2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2024-жылдын 12-январындагы №173/XXVΙ-28 “2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2024-жылдын 12-январындагы №173/XXVΙ-28 “2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомунда 2024-жылдын аягына карата калган аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен 550,0 мин сом, 2214 беренсинен 37,2 мин сом жалпысынан 587,2 мин сом, ПОМ бөлүмүнүн 2214 беренесинен 8,9 мин сом, ЖКХ бөлүмүнүн 3113 беренесинен 98,6 мин сом, маданият үйү бөлүмүнүн 2215 беренесинен 30,0 мин сом, 3112 беренесинен 8,0 мин сом, 3111 беренесинен жолдорду асфальттоого өздүк салым катары каралган 3500,0 мин сом, жана жалпысынан 4232,7 миң сом акча каражаты төмөнкү иштерге жылдырылсын:
-210,0 мин сом Алмалуу айылынын бала бакчасына көмүр алууга;
-120,0 мин сом Алмалуу айылынын бала бакчасына трансформатор орнотууга;
-500,0 мин сом Тогуз-Булак айылында бала бакчасынын эмеректерин, ж.б.алууга;
-75,7 мин сом О.Жакишов мектебинин чатырын ондоого;
-127,0 мин сом О.Бөлөбалаев мектебине жалюзи алууга;
-1000,0 мин сом О.Жакишев, Ш.Рахманов, О.Бөлөбалаев, А.Мурзалиев, А.Сулайманов мектептерине ар бирине бирден, жалпысынан 5 интерактивдик панель сатып алууга;
-100,0 мин сом ат чабыш оюндарын өткөрүүгө байгелерди алууга;
-400,0мин сом Карагай-Булак айылына түнкү жарыктандырууга;
-400,0мин сом Үч-Эмчек айылынын футбол талаасына оңдоого керектүүлөрдү алууга;
-400,0 миң сом Карагай-Булак айылына балдар ойноочу аянтчасын алуу, орнотуу;
-400,0 мин сом Таш-Башат айылынын футбол талаасына оңдоого керектүүлөрдү алууга;
-500,0 мин сом мектептерге түстүү принтер, генератор, идиш-аяк, ж.б. керектүүлөрдү алууга;
2. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |