Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-декабры №6
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мизам уулу Бактыярдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, бир канча талкуулардын жыйынтыгынын негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесинен 2215 беренесине 80000(сексен миң) сом, 2222 беренесинен 2214 беренесине 166000 (бир жүз алтымыш алты мин) сом, 3111 беренесинен 2215 беренесине 100000 (жүз миң) сом кошулуп көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
айылдык кеӊешинин тѳрайымы |
Ш.Омурова |