Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезексиз II (экинчи) сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 14/II-29
Акча каражатын которууга, бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелерди Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөнкү иштерге акча каражаттарын которууга макулдук берилсин:
-80,0 мин сом акча каражатын Чүй токой Анчылык чарбасына болгон карызды которууга;
-1121,5 миң сом акча каражатын “Кыргызтелеком” ААКна локалдык желени орноткондугу үчүн которууга;
-526,0 миң сом акча каражатын “Ысык-Ата” Муниципалдык ишканасына которууга;
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2000,0 миң сом акча каражатын Алмалуу айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоо жумуштарына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен 100,0 мин сом акча каражаты Карагай-Булак айылынын суу тутүктөрүн жабуу жумуштарына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен 3500,0 мин сом акча каражатын Карагай-Булак айылынын жолун, Алмалуу айылынын Түлөбердиев, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн жолун асфальттоого бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |