КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-январы ПТ № 11
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономикасынын белгилүү бир тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилесин.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн акционердик коомдорго товарларды артыкчылыктуу тартипте ата мекендик өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |