Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21-июнундагы № 16
Ак-Шыйрак, Кара-Сай, Ыштык, Үч-Кошкон айылдарынын жерлери
жѳнүндѳ
Оргочор айыл аймагындагы Ак-Шыйрак, Кара-Сай, Ыштык, Үч-Кошкон айылдарынын жерлерин жайыт котегориясынан калктуу конуш категориясына которуп жана жерди трансформациялоого уруксат алуу боюнча Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашов менен Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон, Кара-Сай, Ыштык айылдарынын айыл башчысы М.Берикбаевдин мурунку Ак-Шыйрак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы “Ак-Шыйрак айыл аймагынын Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон, Кара-Сай, Ыштык айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндөгү” №35 токтому менен бекитилген башкы план (генплан) менен берген билдирүүлѳрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңештин депутаттары токтом кылат:
1. Ак-Шыйрак Кара-Сай айылдарынын жерлери жайыт котегориясынан калктуу конуш категориясына өткөрүүгө жана жерди трансформациялоого макулдук берилсин жана Жети –Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Ыштык айылынын жери боюнча жеринде барып таанышып келип, кийинки сессиядан кароого коюлсун. Ыштык айылынын жери менен танышуу үчүн тѳмѳндѳгү курамда комиссия курамы түзүлсүн:
Комиссия курамынын тѳрагасы
1) Асаналиев Сапарбек
комиссия мүчөлөрү
2) Эшкожоев Митхун
3) Өмүрбек уулу Элмир
4) Кыштобаев Шабданбек
5) Баяманов Ашырбек
6) Наарынбаев Максат
7) Асанов Жеңишбек
3. Токтомдун аткарылышы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго тапшырылсын жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин айыл чарба жана экология маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага А. Тыныбеков