Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21-июнундагы № 18
Аймакка тартылган инвестицияларга өздүк салымга акча каражатын
карап берүү жѳнүндѳ
Оргочор айыл аймагына тартылып жаткан инвестицияларга ѳздүк салымга акча каражатын статтьядан статьяга которуу боюнча Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүлѳрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңештин депутаттары токтом кылат:
1. 2024-жылдын бюджетин бекитүүдѳ аймакка тартыла турчу инвестицияларга ѳздүк салым каралбай калгандыгы эске алынсын.
2. Аймакка тартылып жаткан инвестицияларга ѳздүк салымга тиешелүү акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин 6 айлык аткарылышынын жыйынтыгынын негизинде, статьядан статьяга акча каражаты которулганын эске алуу менен ордулары толукталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин, айыл чарба жана экология маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Тыныбеков