ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №4-КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-июлундагы №21
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 55-беренесинин 2-пункутуна ылайык, республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген 2 497 500 (эки миллион тѳрт жүз токсон жети миң беш жүз) сомду максаттуу түрдѳ пайдалануу максатында айыл ѳкмѳтүнүн берген сунушун ар тараптан карап чыгып, Оргочор жергиликтүү кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкѳн 2 497 500 (эки миллион тѳрт жүз токсон жети миң беш жүз) сом акча каражатын Тилекмат айылынын калктуу конуштарынын башкы пландарын бекитүүгѳ жумшалсын.
- Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Ч.Казиевага акча каражатын максаттуу чыгымдоого жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенешинин финансы –пландоо менен айыл чарба жана экология маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.К.Жумашовго тапшырылсын.