Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 18-декабры №3-1
« Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө ».
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы жергиликтүү бюджеттин бекитилген сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча токтом кылат:
1. Аппарат бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен кеңешме зал курууга каралып, иштетилбей калган 1854,3 миң сом акча каражатынын эсебинен: Орто-Азия айылына суу чыгаруу үчүн скважинага трансформатор алып куруп, орнотуу үчүн 500,0 миң сом, билим берүү бөлүмүнө мектептерге көмүр алуу үчүн 300,0 миң сом, муниципалдык мал базардын проектисин жасатууга документ иштерине 2215 “Түрдүү чыгымдар” беренесине 1023,0 мин сом, 3112 “Өсүмдүктөрдү сатып алуу” беренесине 31,0 миң сом акча каражаты статьялар аралык жылдырылып, каржылоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Э. Жолдошовага жүктөлсүн.
3. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Алимов |