Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 18-декабры №3-2
« “Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу” жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-декабрындагы № 01-28/1640 сандуу кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын-2 айылындагы К. Маткеримов атындагы көчөсүндөгү скважина ээлеген узуну 25 метр, туурасы 13 метр, жалпысынан 325 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Алимов |