Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 18-декабры №3-4
« Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-декабрындагы № 01-28/1639 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылындагы МХО участкасындагы №118 контурундагы 16 га жер аянтына муниципалдык мал базар курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Алимов |