Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 18-декабры №3-5
« Айыл аймактагы ички сугат суу арыктары жана каналдары жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелдиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 13-майындагы №27-3947 сандуу тапшырмасын, Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №01-6/220 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-ноябрындагы №01-28/1564 сандуу кайрылуу катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык ишканасынын балансында турган 155,0 км аралыктагы ички чарбалык каналдарды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Алимов |