ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №22
2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айлык жыйынтыгы жѳнүндѳ
Оргочор жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 6 айлык аткарылышы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун слайд менен аймакта аткарылып жаткан жана аткарылган иштери боюнча отчету жана финансы пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Турдубек уулунун билдирүүлөрү угулуп, жергиликтүү кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Оргочор жергиликтүү кеңешинин Финансы пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда кабыл алынган отчет эске алынсын.
- Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.