Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 26-декабры №5-1
« Таш майдалоочу завод курууга макулдук берүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 24-декабрындагы № 01-28/1736 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылындагы МХО участкасынын № 118 контурундагы 6,5 га жер аянтына таш майдалоочу завод курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Алимов |