ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылынын 26-июлу №25
Оргочор айыл аймагындагы Үч-Кошкон айылы учурда Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунунун мамлекеттик классификаторунда 41702 210 810 020 коду менен Культцентр айылы болуп турат. Бүгүнкү күндө Культцентр Үч-Кошкон айылы деп аталууда деп жергиликтүү кеңештин депутаты У.Джаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Оргочор айыл аймагына караштуу Үч-Кошкон айылы Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунунун мамлекеттик классификаторунда 41702 210 810 020 коду менен Культцентр деп аталышта турганы эске алынсын.
- Култьцентр айылын Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунунун мамлекеттик классификаторундагы 41702 210 810 020 кодунан менен Үч-Кошкон айылы деп өзгөртүү кийирүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.