Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2025-жылынын 13-январы №6-1
« Бостон айылындагы жер аянтын бир багытынан башка багытка которуу жөнүндө».
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы чыгыш № 06-7/6796 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 8-январындагы биргелешкен отурумунун протоколун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Бостон айылынын батыш тарабындагы №419 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы” жайыт жерине уулуу химикат көмүүгө 1,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы” жайыт жерлери категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Алимов |