Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №27
“Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыгаруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Оргочор айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымындары жана талыкпас көп жылдык үзүрлүү эмгектери бар инсандарынын эмгегин баалоо менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн иштелип чыккан Жобо жөнүндө жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Узакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
Тѳрага А.Тыныбеков
“БЕКИТИЛДИ”
Оргочор жергиликтүү кенешинин
2024-жылдын 26-июлундагы
№27 -токтому менен
1-тиркеме
Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби
3. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби
4. Башка жоболор
5. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
1.Жалпы жоболор
1.1. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Ысык-Көл облусунун Жети-ϴгүз районундагы Оргочор айыл аймагында жарандарды сыйлоонун жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга кошкон салымы, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
1.2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Оргочор жергиликтүү кеңеши жана Оргочор айыл өкмөтү тарабынан уюштурулат.
1.3. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн, наамды ыйгаруунун жана тапшыруунун, сактоонун тартиптери, бул сыйлык тууралуу башка эрежелер ушул жобого ылайык жөнгө салынат.
1.4. Кыргыз Республикасынын анын ичинде Ысык-Көл облусунун, Жети-ϴгүз районунун, Оргочор айыл аймагынын алдында сиңирген эмгектери үчүн Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланышы мүмкүн:
- Оргочор айыл аймагынын тургундары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку жакта иштеген өкүлдөрү;
- Чет өлкөлөрдө иштеген жана убактылуу жашап жаткан кыргыз жарандары;
- Чет өлкөлүк жарандар (аймакка тартылган инвестициянын көлөмүн эске алуу
менен)
Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.
1.5. Бир эле адам буга чейинки Светлая Поляна, Ак-Дөбө, Оргочор, Ак-Шыйрак айыл аймактарынын «Ардактуу атуулун» алган жарандар Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы менен экинчи жолу сыйланышы мүмкүн эмес.
1.6. Атуулдарды алардын мааракелерине же бир багытта узак мезгилдер бою кадимки кызмат кылгандыгына байланыштуу Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби
Оргочор жергиликтүү кеңешинин алдында жарандарга Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштар жергиликтүү кеңештин (мындан ары – комиссия) социалдык маселер. Маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралат. Комиссия Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкерлердин документтерин кабыл алат, иреттейт, талкууга алат жана талапкерлердин ичинен тандалып алынган адамдын талапкерлиги боюнча өзүнүн чечимин чыгарып, Оргочор жергиликтүү кеңешинин жыйынына сунуш кылат. Комиссия коомдук башталышта иш алып барат.
2.1. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды төмөндөгүлөр киргизе алат:
- ар түрдүү деңгээлдеги мекеме-ишканалар (менчигинин түрүнө карабастан);
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары;
- өкмөттүк эмес уюмдар;
-Оргочор айыл аймагындагы айылдардын жана жамааттардын элдик, жамааттык жыйындары.
2.2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлүүчү талапкердин талапкерлиги алгач аны көрсөтүп жаткан мекеме-уюмдардын, жамааттардын өздүк жыйындарында, айылдык жыйындарда талкууланууга тийиш.
2.3. Сыйлоого сунуш кылынган талапкер тууралуу комиссияга төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
-талапкердин резюмеси 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү менен;
-талапкердин өмүр баяны;
-жамааттык жыйындын талапкердин эмне үчүн көрсөтүлүп
жаткандыгын аныктаган текст камтылган протоколу, сунуштары;
-талапкердин ишинин сапаты жана натыйжалуулугу жөнүндө
маалыматтар, мамлекеттик жана өкмөттүк алган
сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
-талапкердин паспортунан көчүрмө.
Зарыл болгон шартта комиссия тарабынан башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
2.4. Сыйлоо жана сыйлоодон баш тартуу жөнүндө комиссиянын чечимдери боюнча атуулдардын даттануулары жана арыздары каралбайт.
3. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби
3.1. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы жылына бир ирет, айыл аймак боюнча ар бир айылдан 1ден адамга мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата салтанаттуу иш чарада тапшырылат.
3.2. Талапкерлерди тандоодо, келип түшкөн материалдарды калыс кароо үчүн комиссия өз ишине атайын адистерди кызматташууга тартышы мүмкүн.
3.3. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы төмөнкүдөй
артыкчылыктагы инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
- СССР учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгеги үчүн орден, медалдар, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар, эмгек сиңирген ишмерлер (бардык багыттар боюнча), СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандар, облустук кеңешке депутат болгондор, облустук жетекчи кызматтарда, райондук мамлекеттик администрацияларда иштеп элге кызматы менен таанылгандар, өлкөнү коргоодо эрдик көрсөткөн согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетти аткаруу менен улуттук намысыбызды бийик сактаган азаматтар, Кыргыз Республикасынын чегинде жашап-жашабагандыгына карабастан элибиздин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон эмгеги менен белгилүү болгондор;
-көп жылдар бою саламаттык сактоодо, жаштарга тарбия, билим берүүдө мамлекеттик жана коомдук иштерде, айыл чарбасында үзгүлтүксүз салым кошуп, элдин оозуна алынып, кадыр-баркка ээ болгондор;
- эл чыгармачылыгына, адабиятка, маданиятка, искусствого, спортко жекече үлүшүн тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатындагы ишмердиги менен тасирлүү айырмаланган атуулдар;
-элибиздин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, турмуш-тиричилик шарттарынын оңолушуна өзгөчө салымын кошкон адамдар, Кыргыз Республикасынын чет жерде жашаган жарандары, чет элдик жарандар;
- мурда аймагыбыздын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошуп, учурда эл-журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган аракеттери жогору бааланган эмгек ардагерлери.
3.4. Комиссиянын чечими айылдык кеңештин жыйынында талкууланат. Депутаттардын жалпы санынын 3төн 2 бөлүгү макулдук бергенде комиссиянын чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Негиздүү себептер болгон учурда айылдык кеңеш комиссиянын чечимин кайра кароого кайтарышы мүмкүн. Мындай учурда комиссия, айылдык кеңештин жыйынында айтылган пикирлерди эске алуу менен, сунуш кылынган талапкерлердин тизмесин кайрадан карап чыгып, айылдык кеңештин жыйынына кайра сунуш кылат.
3.5. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы сыйлана турган адамдын өзүнө салтанаттуу кырдаалда Оргочор жергиликтүү кеңешинин төрагасы жана Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан тапшырылат.
3.6. Сыйлыкты тапшыруу алдында Оргочор жергиликтүү аймагынын алдындагы жарандарга Оргчор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссиянын Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо тууралуу чечимин бекитүү жөнүндөгү токтому окулат.
3.7. Сыйлануучу адамга сыйлоо учурунда төмөндөгүлөр берилет:
- Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» деген жазуу түшүрүлгөн сый лентасы;
- Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» күбөлүгү;
- Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси.
Төш белги сыйлануучу адамдын сол төшүнө тагылат. Күбөлүктү жана төш белгини Оргочор жергиликтүү кеңешинин төрагасы тапшырат.
3.8. Эгерде сыйлануучу адам оорунун айынан, же башка негиздүү себептерден улам салтанатка келе албаса сыйлык ага турган жеринде тапшырылат.
4. Башка жоболор
4.1. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана Оргочор жергиликтүү кеңешинин чыгарган чечимдерине ылайык жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланат.
4.2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
- айыл аймагындагы ар кандай салтанаттуу жыйындарга ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
- айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бутактарында кезексиз кабыл алынууга;
- жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
- мүмкүнчүлүккө жараша көчөгө, же башка аймактарга наам берүүдө эске алынууга.
5. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
5.1. Оргочор айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынын жыйындарынын, жергиликтүү жамааттардын элдик жыйындарынын сунуштарын негизинде, Оргочор жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын 3төн 2 бөлүгүнүн макулдугу менен Жобого өзгөртүүлөр жана түздөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Ардак наамдарды ыйгаруунун
тартиби жөнүндөгү жобого
№1 -тиркеме
Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгисинин сүрөттөлүшү.
Медаль төмөнкүдөй негизги мүнөздөмөлөргө ээ:
- медаль өзгөчө алтын түстүү эритмеден жасалган;
- медалдын он бурчтуу формасы бар, беш бурчу кыргыз оймо формасында жана беш учу тик бурчтуу формада болот;
- тик бурчтуу аянтча түбүндө лавр гүлчамбарларынын элементтери жана Кыргыз Республикасынын желегинин түндүгү менен жасалган жана "төөнөгүч"тибин бекитүү менен жабдылган;
- медалды жана жаздыкчаны бекитүү бир чынжырлуу кулак аркылуу жүргүзүлөт.
Медалдын борборунда алтын түстөгү эмаль менен капталган тегерек жайгашкан, анда эстелик түрүндөгү стилдештирилген Тилекмат Акенин жана Сарт Акенин сүрөтү бар. Айлананын ичинде көк жана кызыл түстөгү эмаль менен капталган шакек бар, үстүнкү бөлүгүндөгү жарым тегеректе чоң тамгалар менен «Оргочор айыл аймагы» деген жазуу жана төмөнкү жарым тегеректе чоң тамгалар менен "Ардактуу атуулу" деген жазуу түшүрүлгөн.