Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №28
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык мааракесине карата аймагыбызга эмгеги сиңген инсандарыбызга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык мааракесине карата айыл аймагыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымындарын жана талыкпас көп жылдык үзүрлүү эмгектерин баалоо менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Узакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык мааракесине карата айыл аймагыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымындарын жана талыкпас үзүрлүү эмгектерин баалоо менен “Ардактуу атуулу” наамы тизмеге ылайык ыйгарылсын.
№ | Ээлеген кызматы | Аты жөнү |
|
1. | Жети-ϴгүз райондук мамлекеттик администрациясынынын башчысы-аким | Бахавадинов Эрмек Ибрагимович | 1978-ж |
2. | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №4 Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн башчысы | Барыктабасов Бакыт Кадырбекович |
|
3. | Подгорный айылынын тургуну | Бейшалиев Шакен | 1943-ж |
4. | Оргочор айылынын тургуну | Ибираева Бүбүш | 1930-ж |
5. | Светлая Поляна айылынын тургуну | Орозбакова Аныйпа | 1942-ж |
6. | Тилекмат айылынын тургуну | Жакыпова Жаңыл | 1944-ж |
7. | Аң-ϴстөн айылынын тургуну | Алиева Бүкөн | 1945-ж |
8. | Мундуз айылынын тургуну | Сабитова Чынар | 1947-ж |
9. | Боз-Бешик айылынын тургуну | Алматаев Касымбек Термечикович | 1952-ж |
10. | Чоң-Кызыл-Суу айылынын тургуну | Дыйканова Бактыгул Джамболотовна | 1962-ж |
11. | Ак-Дөбө айылынын тургуну | Жапаров Талантбек Рысбекович | 1963-ж |
12. | Ак-Шыйрак айылынын тургуну | Орозалиев Марат Жунушалиевич | 1969-ж |
13. | Кургак-Айрык айылынын тургуну | Мамытов Бакыт Арзыматович | 1982-ж |
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы жана Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго тапшырылсын.
Тѳрага А.Тыныбеков