Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры №29
Оргочор айыл аймагындагы шайлоо округдарынын
схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндөгү” ПЖ №256 Жарлыгынын негизинде, Оргочор жергиликтүү кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылып жаткандыгына байланыштуу айыл аймактагы Шайлоо округдарынын схемалары жана чек араларын бекитүү боюнча Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндөгү” ПЖ №256 Жарлыгынын 1-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттары таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндөгү” ПЖ №256 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябры деп белгиленгендиги эске алынсын.
3. Шайлоо аракеттеринин башталган күнү болуп 2024-жылдын 17-сентябры экени белгиленсин.
4. Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Оргочор, Боз-Бешик, Кургак-Айрык шайлоо округу (УШК №3180,№3181, №3260)
2) Ак-Дөбө, Аң-ϴстөн, Мундуз шайлоо округу (УШК №3177,№3179, №3178)
3) Тилекмат, Ак-Шыйрак, Кара-Сай (УШК №3176,№3204, №3206)
4) Светлая Поляна, Чоң-Кызыл-Суу (УШК №3182,№3183)
5. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков