Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-январы № 25
Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди белгилейт жана калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди бекитет.
1-берене. Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин калктын саламаттыгын, айлана-чөйрөнү коргоо, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон өлчөмдө гана чектөөгө болот.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) биологиялык коопсуздук - патогендүү биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын таасиринен адамдын жана айлана-чөйрөнүн корголушунун саясий, укуктук, экономикалык, технологиялык, биологиялык коргоо жана башка чаралардын тутумун ишке ашыруу аркылуу камсыз кылынуучу абалы;
2) биологиялык коргоо - биологиялык материалдарга жана/же жабдууларга, аларды иштетүү менен байланышкан көндүмдөргө жана маалыматтарга санкциясыз жетүүнү, жоготууну, уурдоону, туура эмес пайдаланууну, чыгып кетишин же агып кетишин болтурбоо үчүн аларды контролдоону, эсепке алууну жана коргоону камсыз кылууга багытталган биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси;
3) биологиялык курал - адамдарга жана жаныбарларга жугуучу, душмандын киши күчүн жана калкын, айыл чарба жаныбарларын, айыл чарба өсүмдүктөрүн массалык түрдө кыйратууга, азык-түлүгүн жана суу булактарын булгоого, ошондой эле аскер жабдыктарынын жана согуштук материалдардын айрым түрлөрүн жараксыз кылууга арналган патогендүү микроорганизмдер же алардын споралары, вирустары, бактериялык токсиндери. Жуктуруучу жаныбарлардын патогендүү микроорганизмдерин жеткирүү каражаттары да биологиялык куралга кирет;
4) биологиялык тобокелдик - патогендүү биологиялык агент жана/ же заманбап биотехнология азыгы зыяндуу таасирдин булагы болгон учурларда адамга жана/же айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирдин келип чыгышынын ыктымалдуулугунун жана мындай таасирдин даражасынын айкалышы;
5) биологиялык коркунуч - массалык оорулардын (эпидемиялардын, эпизоотиялардын, эпифитотиялардын жана уулануулардын) пайда болушуна жана/же жайылышына, биологиялык коопсуздук жаатындагы кырдаалдын начарлашына жана/же анын биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалга айланышына алып келүүгө жөндөмдүү болгон апгылыксыз биологиялык тобокелдиктерди түзүүчү коркунучтуу биологиялык факторлордун болушу;
6) биологиялык коркунуч булагы - патогендүү биологиялык агенттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына сырттан алып келингендердин резервуары болуп саналган же патогендүү биологиялык агенттер менен жумуштарды аткарууга арналган объекттерде турган же медициналык жардам көрсөтүүнүн же ветеринардык ишти жүзөгө ашыруунун алкагында келип чыккан же иштин айрым түрлөрүнүн, анын ичинде генетикалык материалдарды көзөмөлсүз пайдалануунун натыйжасында түзүлгөн айлана-чөйрө объекти;
7) жабык тутумдарда пайдалануу - орнотмонун, курулманын же башка физикалык түзүмдүн чегинде жүзөгө ашырылуучу, алардын тышкы чөйрө менен байланышын жана ага таасирин натыйжалуу чектеген атайын чаралар менен жөнгө салынуучу өзгөртүлгөн тирүү организмдер менен байланышкан ар кандай операцияны билдирет;
8) биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү - биологиялык тобокелдиктерди аныктоо, талдоо, болжолдоо, аларды бирдиктүү критерийлердин негизинде баалоо жана ажырымдоо;
9) биологиялык тобокелдикти баалоо - контролдоонун учурдагы ар кандай механизмдеринин шайкештигин эске алуу менен жүзөгө ашырылуучу, ошондой эле бул биологиялык тобокелдиктин алгылыктуулугу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну камтыган, биологиялык коркунуч менен шартталган тобокелдикти баалоо процесси;
10) патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер - жаратылышта кездешкен же генетикалык жактан өзгөртүлгөн ар кандай микроорганизм, вирус, биологиялык токсин, бөлүкчө же башка инфекциялык материал, анын ичинде синтетикалык биология азыктары, адамдарда, жаныбарларда же өсүмдүктөрдө ар кандай инфекциялардын, аллергиялык же уулануу реакцияларынын пайда болушуна, азык-түлүктүн, жабдуулардын, камдыктардын же башка материалдардын сапатынын начарлашына же айлана-чөйрөнүн жагымсыз өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон клеткалуу өсүмдүктөр жана эндопаразиттер;
11) потенциалдуу кооптуу биологиялык объект - патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу, өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, эксплуатациялоо, ташуу же утилдештирүү объекттери;
12) заманбап биотехнология азыгы - технологиялык милдеттерди чечүү, ошондой эле гендик инженерия ыкмасы менен зарыл касиеттери бар тирүү организмдерди түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн тирүү организмдерди, алардын тутумдарын же алардын тиричилик аракетинин азыктарын пайдалануу азыгы;
13) биологиялык агенттерди чек ара аркылуу алып өтүү - биологиялык агенттерди бир мамлекеттин аймагынан чектеш өлкөлөрдүн аймагына ташуу же алардын транзити.
3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери
Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу;
2) калктын саламаттыгы жана айлана-чөйрө жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны өнүктүрүү жана пайдалануу;
3) биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык келишимдердин ченемдерин ишке ашыруу.
4-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери
Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:
1) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин үстөмдүгү;
2) улуттук кызыкчылыктардын артыкчылыгы;
3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде калктын кабардар болушун арттыруу;
4) биологиялык коопсуздук коркунучу болгон учурда иштин ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууну карантиндик иш-чараларды киргизүү, биологиялык материалдарды жүгүртүүнү контролдоо, биологиялык материалдар менен иштөөдө персоналдын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу усулдары менен чектөө жана/же ишти токтотуп туруу;
5) биологиялык коркунучтарга, анын ичинде биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу алып өтүүгө өз убагында жооп кайтаруу;
6) биологиялык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ар кандай иштин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана кесепеттерин ар тараптуу талдоо жана баалоо;
7) потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттердин жана токсиндердин, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндуу таасиринин тобокелдиктерин баалоодо илимий негизделген, интеграцияланган жана жекече мамиле кылууну пайдалануу;
8) патогендүү биологиялык агенттерди иштетүүнү контролдоо жана көзөмөлдөө;
9) биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
5-берене. Биологиялык коркунучтардын түрлөрү
1. Биологиялык коркунучтардын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) табигый, техногендик, аскердик кырдаалдардын потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерге таасири;
2) патогендүү биологиялык агенттерди санкциясыз жүгүртүү жана аларга жетүү жана аларды чек ара аркылуу алып өтүү;
3) адамдын жана/же жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн инфекциялык (анын ичинде өзгөчө коркунучтуу, карантиндик) ооруулардын айрым түрлөрү менен ооруп калышынын орточо статистикалык деңгээлден ашуусу;
4) патогендүү биологиялык агенттерди иштетүүдө адамдарга жана айлана-чөйрөгө жуктуруу;
5) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын биологиялык курал катары колдонуу;
6) биологиялык коркунучтун булактары жайгашкан же патогендүү биологиялык агенттерди колдонуу менен жумуштар аткарылган объекттерде авариялардын келип чыгышы, террористтик актылардын, диверсиялардын жасалышы;
7) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу өткөрүп берүү.
2. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу
Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
1) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын, анын ичинде илимий-изилдөө максатында өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, пайдаланууну, сактоону, ташууну, сатууну, сатып алууну укуктук жөнгө салуу жана контролдоо;
2) коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык калкты жана айлана-чөйрөнү патогендүү биологиялык агенттерден жана заманбап биотехнология азыктарынан коргоо;
3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо;
4) экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесине мониторингди жана актуалдаштырууну жүргүзүү;
5) биологиялык коопсуздук коркунучу келип чыккан учурда калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооп кайтаруу чараларын көрүү;
6) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде калктын кабардар болушунун деңгээлин жогорулатуу.
7-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик укуктук жөнгө салуу
1. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик укуктук жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
3) потенциалдуу коркунучтуу биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөөгө багытталган жана тиешелүү учурларда ал үчүн жазаны караштырган чараларды эске алуу менен биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү токтотуу;
4) биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын жана генетикалык модификацияланган организмдерди чек ара аркылуу алып өтүүнү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;
5) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү жана бирдейлештирүү.
2. Бардык патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жактар тарабынан гана өндүрүлөт, кайра иштетилет, өткөрүп берилет, колдонулат, сакталат, жок кылынат, экспорттолот (импорттолот).
Аталган юридикалык жактар патогендүү биологиялык агенттердин жана заманбап биотехнология азыктарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чарларды көрөт.
Юридикалык жактардын биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн критерийлери, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерде болгон биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын коркунучтуулук категориясын эске алуу менен алардын физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8-берене. Патогендүү биологиялык агенттердин кооптуулук топторун аныктоо
1. Ушул Мыйзам менен регламенттелүүчү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууда келип чыгуучу, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч даражасына жараша жабык тутумдар үчүн патогендүү биологиялык агенттердин кооптуулугунун төмөнкүдөй топтору белгиленет:
1) I топ - өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды жайылтууга жөндөмдүү болгон микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган жогору тобокелдиктеги ишке ылайык келет;
2) II топ - инфекцияларды жугузууга потенциалдуу жөндөмдүү болгон микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган орточо тобокелдиктеги ишке ылайык келет;
3) III топ - шарттуу патогендүү микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган төмөн тобокелдиктеги ишке ылайык келет;
4) IV топ - патогендүү эмес микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган бир аз тобокелдиктеги же тобокелдиги жок ишке ылайык келет.
2. Лабораториялык изилдөөлөрдүн чегинен чыккан көлөмдө жабык тутумдарда. ошондой эле жабык эмес тутумдарда микроорганизмдер менен жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү тобокелдиктин I жана II топторуна кирет.
3. Патогендүү биологиялык агенттерди кооптуулук топтору боюнча бөлүштүрүү менен алардын тизмелери (тизмектери), ошондой эле ар бир топтогу патогендүү биологиялык агенттерге карата контролдоо чараларын жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам алдындагы ченемдик укуктук документтер менен белгиленет.
9-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы тыюу салуучу чаралар
1. Юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ушул Мыйзамга карама-каршы келген, биологиялык коопсуздук коркунучун жараткан чечимдерди кабыл алууга жана аракеттерди жасоого;
2) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын колдонуу боюнча үчүнчү жактардын санкцияланбаган ишине көмөк көрсөтүүгө;
3) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын биологиялык курал катары пайдалануу үчүн аларды иштеп чыгууга жана иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде биологиялык куралды өндүрүүгө арналган объекттерди, жабдууларды жана материалдарды курууга жана сатып алууга;
4) потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттерден патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын уурдоо же чыгарып жиберүү, анын ичинде аларды диверсиялык максаттарда жайылтуу аркылуу калкка жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч жаратууга;
5) Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилбеген патогендүү биологиялык агенттерди жана кош багыттагы өнүмдү экспорттук контролдоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуу менен чек ара аркылуу алып өтүүгө.
2. Лицензиясы жок жеке жактарга жана юридикалык жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнология азыктары менен ишти тиешелүү лицензиясыз жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
3. Кош багыттагы өнүмдөрдү чек ара аркылуу алып өтүүгө экспорттук контролду жүзөгө ашыруу тартиби жана Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты аныктайт;
2) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча консультациялык-кеңешүүчү органды түзөт жана аны жетектейт;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзам актыларына ылайык биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
11-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;
3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздукту өздөрүнүн компетенцияларынын алкагында камсыз кылууга жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт жана ишин координациялайт;
5) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт;
6) илимий-изилдөө ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле биологиялык коопсуздук маселелери боюнча билим берүү мекемелеринде кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды кабыл алат;
7) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, патогендүү биологиялык агенттерди жүгүртүү жана аларды контролдоо жаатындагы эл аралык келишимдер боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча координациялоону жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү камтыган автоматташтырылган маалымат тутумун эске алуу менен патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
12-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) биологиялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте биологиялык коопсуздук коркунучунун же аны менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын келип чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону камсыз кылат;
2) биологиялык коркунуч менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт;
3) биологиялык коопсуздукту бузуунун натыйжасында өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аракеттенет;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13-берене. Патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары тууралуу маалыматты коргоо боюнча чаралар
1. Патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын даярдоо усулдарына жана алардын мүнөздөмөлөрүнө, алар колдонулуучу айкын жерлерге тиешелүү маалымат, анын ичинде электрондук сактагычтарда камтылган маалымат чектелген пайдалануу үчүн маалымат болуп саналат.
Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын даярдоо усулдары жана алардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тармактар аркылуу берүүгө жана мындай тармактарга кошулган компьютерлерде сактоого тыюу салынат.
Патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары тууралуу маалыматтын корголушун камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
14-берене. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл
1. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бузууларга жол бербөө, аларды табуу, токтотуу жана жоюу максатында мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүлөт.
2. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик контроль жана көзөмөл өздөрүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
15-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы эл аралык кызматташтык
1. Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын колдонууну, ошондой эле аларды террористтик максаттарда пайдаланууну контролдоо максатында эл аралык кызматташтык жүзөгө ашырылат.
Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын контролдоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын укуктук негизин биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, негиз болуучу эл аралык ченемдик укуктук актылар түзөт.
Эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык келбеген, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон же Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жоготууга алып келүүчү милдеттенмелерди алууга жол берилбейт.
2. Эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өз ара укуктук, усулдук, техникалык жана башка жардам көрсөтүү;
2) мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган саясатты иштеп чыгуу;
3) патогендүү биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө/атайылабастан чыгып кетишине түрткү берген себептерди жана шарттарды болтурбоо жана жоюу боюнча биргелешкен иш;
4) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын контролдоо маселелери боюнча маалымат алмашуу;
5) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү/атайылабастан чыгып кетишин токтотуу боюнча биргелешкен ыкчам жана башка иш-чараларды жүргүзүү;
6) кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
7) башка өлкөнүн аймагынан патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнология азыктары атайылабастан чыгып кеткен учурда тараптардын жоопкерчилигин аныктоо.
16-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-январындагы № 6 (3662) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |