Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры №31
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында
Оргочор айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИД-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Оргочор айыл аймагынын АКИА АК төрагасы Т.Алышевдун маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып Оргочор жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. АИД-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Оргочор айыл аймагынын АКИА АК төрагасы Т.Алышевдин маалымат-отчету кабыл алынсын (тиркеме 1.)
2. Оргочор айыл ѳкмѳт башчысы Жумашов Жыргалбек Кубанычбекович АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ѳкмѳт башчысы Жумашов Жыргалбек Кубанычбековичке жана жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.
Тѳрага А.Тыныбеков