Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры №32
Жети-ϴгүз райондук “Иштерман” муниципалдык ишканага Тралл техникасын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жети-ϴгүз райондук “Иштерман” муниципалдык ишканага жүк ташуучу “Тралл” техникасын сатып алууга акча каражатын кароо максатында Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Жети-ϴгүз райондук “Иштерман” муниципалдык ишканага жүк ташуучу “Тралл” техникасын сатып алууга колдоо көрсөтүлсүн.
2. 2024-жылга бекитилген бюджеттин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен
1 000 000 (бир миллион) сом которулуп берилсин.
3. Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жогорудагы которулуучу акча каражатын чыгымдоолор бөлүмүнөн которуп берүү жагы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин финансы пландоо туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков