Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры №34
Аймакка тартыла турчу инвестиция жана дем берүүчү гранттар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндөгү” ПЖ №256 Жарлыгынын негизинде, Оргочор жергиликтүү кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылып жаткандыгына байланыштуу аймакка тартыла турчу инвестицияларга жана дем берүүчү гранттар менен иш алып баруу максатында Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндөгү” ПЖ №256 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябры деп белгиленгендиги эске алынсын.
2. Оргочор айыл өкмөтү тарабынан аймактын инфраструктурасын жакшыртууга жана долбоор жазып, дем берүүчү гранттарды тартууга төмөндөгү долбоорлорго Ак-Дөбө айылынын 1 км Сарт Аке көчөсүнө, Аң-ϴстөн айылындагы 1 км Б.Ибраев көчөсүнө, Оргочор айылынын 1км Токтогул көчөсүндөгү жолдорго асфальт төшөөгө жана Тилекмат айылынын А.Алтымышбаев мектебинин тышын жылуулоого 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымдар бөлүнүп берилсин.
3. Жети-ϴгүз районунун шаар куру жана архитектура башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздары суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын жана долбоорлор менен иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков