Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 27
Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык макулдашууларга кошулуусу жөнүндө
Темир жолдордун жана "кургак порттордун" өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө кошулсун:
- Трансазия темир жолдор тармагы боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга;
- "Кургак порттор" жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аталган макулдашууларга кошулгандыгы жөнүндө нотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |