Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры №35
Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын
ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо, айыл аймагыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын жана талыкпас көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо, айыл аймагыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын жана талыкпас көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Оргочор айылынын тургуну, Ички Иштер Министрлигинин ардактуу эс алуудагы милиция кызматкери – Касмалиев Таалайбек Усеновичке ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго тапшырылсын.
Тѳрага А.Тыныбеков