Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №9
« Базар-Коргон шаарындагы №8 Т.Мамажанова, №18 Периште балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачып берүү жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларына негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХIV -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарындагы №8 Т.Мамажанова, №18 Периште балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |