КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын
2023-жылдын 27-апрели № 20-2
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Талдуу-Булак участкасындагы Камыр-Суу дарыясына “Н-Эргеш-Ата” ЖЧКсына чакан ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 28.02.2023-жылдагы, “Н-Эргеш-Ата” ЖЧКсы Лаглан айылынын Талдуу-Булак жайлоосундагы Камыр-Суу дарыясына чакан ГЭС куруу максатында жер сураган, ушул маселени айылдык кеңештин сессиясында карап берүүнү сурагандыгы жөнүндөгү”, чыгыш № 225 сандуу каты жана Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академиясынын түштүк бөлүмүнүн, Жалал-Абад илимий борборунун 24.02.2023-жылдагы № 17/5-102 ГЭР 4010, 271.018 сандуу корутундусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдагы ПЖ № 3 Жарлыгына ылайык жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү инвестициялык климатты жана ийгиликтүү чөйрөнү түзүү саясатын колдоо максатында, КРнын Жер Кодексинин” 17-главасына ылайык жана айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 2023-жылдын 20-апрелиндеги отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Талдуу-Булак жайлоосундагы Камыр-Суу дарыясына “Н-Эргеш-Ата ЖЧКсына чакан ГЭС курууга макулдук берилсин.
2. Чакан ГЭС куруу боюнча тийиштүү иш кагаздарын тактоо менен иш жүргүзүү жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: | Д. Рахманова |