Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксырайонунун Кербен шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезектеги
II сессиясынын
2024-жылынын 13-декабры №2/2
«Кербен шаардык Кеӊешинин туруктуу комиссияларын түзүү
жана анын сандык, сапаттык курамын бекитүү жөнүндө»
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы :
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаардык Кеӊешинин 4 туруктуу комиссиялары түзүлсүн (№ 1 тиркеме).
2. Туруктуу комиссиялардын сапаттык курамы бекитилсин (№ 2 тиркеме).
3. Туруктуу комиссиялардын (биринчи отурумунун) төрага жана анын катчысын шайлаган токтомдору бекитилсин жана туруктуу комиссиялар иш-пландарын түзүүнү камсыз кылышсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ш.Зыябековго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А.Базарбаев |
| Тиркеме № 1 Кербен шаардык Кеӊешинин 2024-жылдын 13- декабрындагы № 2/ 2 токтому менен бекитилген
|
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫ
1. Экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча
туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Экономика, бюджет, финансыга байланышкан жана жергиликтүү
башкаруунун штат бирдиктери боюнча маселелерди карайт, социалдык-
экономикалык стратегиялык пландын долбоорун даярдоого катышат,
ошондой эле Кеӊештин чечимдерин ведомстволук аймакта жайгашкан
мекемелер, уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылат. Ушул
багытта Кеӊештин чечимдеринин ведомстволук аймакта жайгашкан
мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, өздөрүнө
тиешелүү маселелерди карайт, даярдайт жана сессиянын кароосуна
киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
2.Мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Шаардык Кеӊештин регламентин жана ага өзгөртүүлөрдү
киргизүүнү иштеп чыгып, сессияга сунуштайт, этика, арыздануу, даттануу,
укук, кылмыштуулук, коопсуздук жана мыйзамдуулуктун сакталышы, ат
коюу боюнча иштерди карайт. Кеӊештин чечимдерин каттоо ишканалары
(Кадастр,ЖААК,Унаа мамлекеттик мекемеси, Нотариус),сот, прокуратура, РИИБ мекемелери, уюмдары менен өз ара аракеттенет. Социалдык, маданий, билим-берүү, саламаттыкты сактоого байланышкан маселелерди карайт. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун даярдоого
катышат. Ушул багытта Кеӊештин чечимдеринин ведомстволук аймакта
жайгашкан мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзөт,
өздөрүнө тиешелүү маселелерди карайт, даярдайт жана сессиянын
кароосуна киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
3.Өнөр жай, транспорт, курулуш, архитектура, соода, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Өнөр жай, курулуш, транспорт, архитектура, соода, спорт жана туризм туруктуу комиссиясы Кербен шаарында болотурган, пландашкан спорт марекелерин өткөрүү боюнча топ уйюмдар жана мекеме ишканалар менен тыгыз иш алып баруу. Ошондой эле туристерди тарты үчүн ар кандай семинар, чөгулуштарга катышуу. Өздөрүнө тиешелүү маселерди карайт, даярдайт жана сессиянын кароосуна киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
4.Суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Суу чарбасына жана айыл чарбасына, ошондой эле муниципалдык мүлккө,экологияга, жайытка байланышкан маселелерди карайт. Агрардык саясатты жүргүзөт. Ушул багыттагы ведомстволук аймакта жайгашкан ишканалар тарабынан Кеӊештин чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Кербен шаардык кеңешинин жоопту катчысы: Ж.Омуралиев
Тиркеме № 2
Кербен шаардык Кеӊешинин 2024-жылдын
13-декабрындагы № 2/ токтому менен бекитилген
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРДЫН КУРАМДАРЫ
1. ЭКОНОМИКА, БЮДЖЕТ ЖАНА ФИНАНСЫ БОЮНЧА ТУРУКТУУ
КОМИССИЯСЫ
1. Кыдыралиев Манас - «Ынтымак» СП
2. Нармырзаева Бурул - «Адилет» СП
3. Кожоматова Нагина - «Ынтымак» СП
4. Дербишов Нуркалый - «Адилет» СП
5. Камбарова Мухаббат - «Бүтүн Кыргызстан» СП
6. Калетов Аскарбек - «Жаңы-Кыргызстан» СП
7. Исманалиев Бегимкул - «Жаңы-Кыргызстан» СП
8. Урустемова Айнура - «Жаңы-Кыргызстан» СП
9. Коконбаев Турат - «Ишеним» СП
2. МЫЙЗАМДУУЛУК, РЕГЛАМЕНТ, ЭТИКА, СОЦИАЛДЫК, МАДАНИЙ БИЛИМ
БЕРУУ ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО БОЮНЧА ТУРУКТУУ
КОМИССИЯСЫ
1. Баназаров Замирбек - «Адилет» СП
2. Мамырова Гулнура - «Адилет» СП
3. Шакиев Залкарбек - «Жаңы-Кыргызстан» СП
4. Козукеева Эдельвейс - «Жаңы-Кыргызстан» СП
5. Артыгалы уулу Бегалы - «Ишеним» СП
3.ӨНӨР ЖАЙ, ЖОЛ, ТРАНСПОРТ, КУРУЛУШ, СООДА, СПОРТ ЖАНА ТУРИЗМ
БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫ
1. Мамбетова Анара - « Ынтымак» СП
2. Абдыкадыров Нуржигит - «Адилет» СП
3. Акматалы уулу Кубаныч - «Жаңы-Кыргызстан» СП
4. Шадиева Айнагул - «Жаңы-Кыргызстан» СП
5. Керимбаев Алтынбек - «Ишеним» СП
4.СУУ РЕСУРСТАРЫ, МУНИЦИПАЛДЫК МҮЛК , ЭКОЛОГИЯ ЖАНА АГРАРДЫК МАСЕЛЕ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫ
1. Мамытов Чолпонкул - «Бүтүн Кыргызстан» СП
2. Отомбаев Адилбек - «Адилет» СП
3. Турдалыев Азимбек - «Ынтымак» СП
4. Акибаров Мыкталы - «Ынтымак» СП
5. Мырзакматов Эдилбек - «Адилет» СП
6. Нурматов Шералы - «Жаңы-Кыргызстан» СП
7. Айтмырзаев Мырзаким - «Жаңы-Кыргызстан» СП
8. Назарбеков Руслан - «Жаңы-Кыргызстан» СП
9. Курманбекова Айзат - «Ишеним» СП
Кербен шаардык кеңешинин
жоопту катчысы: Ж.Омуралиев