Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 19
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
44-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "чечимдерин" деген сөздөн кийин "жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 18-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |