Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүүкеңешинин
1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы №1
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы№3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешиинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Мамытов Акылбек Алымович Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага М.Н. Саскараев