Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы №2
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Абиев Бейшебек Мажинович, Чичканбаев Болотбек Сабырбаевич, таанылсын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага_________________________________ __А.А. Мамытов