Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы №3
Садыр Аке айыл аймагынын Элдик Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ” №271 Жарлыгына жана Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА ылайык маселени карап, талкуулап чыгып Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Элдик Курултайы 2024-жылдын 7-декабрына саат 10:00 гѳ чакырылсын.
2. Садыр Аке айыл аймагынын Элдик Курултайынын курамы калктын санына ылайык 150 делегаттан турары белгиленсин.
3. Садыр Аке айыл аймагынын Элдик Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 9 адамдан бекитилсин. (№1-тиркеме).
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 3-декабрдан 4-декабрга чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн. (№2-тиркеме).
5. Садыр Аке айыл аймагынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын 3-декабрдан 4-декабрга чейин белгиленсин. (№3 тиркемеге ылайык).
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2024-жылдын 7-декабры деп белгиленсин.
( № 4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко 4-декабрдан 5-декабрга элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча уюштуруу жана камсыздоо жагы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовго милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
10. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.
Төрага А. Мамытов