Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы №5
Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Садыр Аке айыл өкмөтү тарабынан үлүштүк дем берүүчү гранттын каржылоосуна сунушталып жаткан Садыр Аке айыл аймагындагы «Жылдызча» бала бакчасына, «Ивушка» бала бакчасына, Э.Керимгазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине жергиликтүү өздүк салым бөлүп берүү максатында Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы Булан-Сөгөттү айылындагы «Жылдызча» бала бакчасыныны жылытуу системасын, суу түтүктөрүн жана канализациясын капиталдык ремонтто иштерин жүргүзүүгө 2025-жылдын бюджетинен 3 324 338 (үч миллион үч жүз жыйырма төрт миң үч жүз отуз сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты өздүк салым катары каралып, 3111 чыгаша беренесине коюлсун.
2. Садыр Аке айыл аймагындагы Семеновка айылындагы «Ивушка» бала бакчасынын жылытуу системасын, суу түтүктөрүн жана канализациясына капиталдык ремонт ишерин жүргүзүүгө 2025-жылдын бюджетинен 3005188 (үч миллион беш миң бир жүз сексен сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты өздүк салым катары каралып, 3111 чыгаша беренесине коюлсун.
3. Садыр Аке айыл аймагындагы Темир айылындагы Э.Керимгазив атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин айланасын көрктөндүрүү, брусчатка төшөө иштерин жүргүзүүгө 2025-жылдын бюджетинен 4 319 968 (төрт миллион үч жүз он тогуз миң тогуз жүз алтымыш сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты өздүк салым катары каралып, 3111 чыгаша беренесине коюлсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.У. Сыдыковага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалар байланыштар боюнча туруктуу комиссия” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамытов