Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз
II сессиясы
2024-жылынын 11-декабры №05/9-2
«Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» .
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү” жөнүндө сунушун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө “ жобонун талаптарын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 25.11.2022-ж. №96/20-8 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрдин орун басары (Э.С.Тажимырзаев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов |
Тиркеме Кара-Көл шаардык кеңешинин 11.12.2024-ж. кезексиз II сессиясынын №05/9-2 сандуу токтому менен бекитилди |
Дем берүүчү ( үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы
1) Нурматова К.И.- шаардык кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын төрайымы;
2) Сагыналиева Г.Р.-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
3) Сатыбалдиев У.К.-Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
4) Абытканова Р.- Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы;
5) Бокоев У.Ш.-Кара-Көл шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы;
6) Көлбаев К.К.- Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы;
7) Анашов С.- Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы;
8) Мусуралиева Г.К.- Кара-Көл шаардык бюджеттик, муниципалдык мекемелердин профсоюз уюмдарынын шаардык комитетинин төрайымы;
9) Шакиров Б.- жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөсү.
Жооптуу катчы К.И. Нурматова