Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы №6
Муниципалдык жолдорду жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунунун категориясыня которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 20-январындагы №20-1 Республикалык кеңешменин протоколунун 10-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы төмөндөгү муниципалдык жолдор жалпы
пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун:
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик
укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн
башчысы Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы жер, агрардык реформа,
өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамытов