Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз
II сессиясы
2024-жылынын 11-декабры №06/9-2
«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү үлүш каражатын бекитүү жөнүндө» .
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн, 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүн, 45-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын 2025-жылга даярдалган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү үлүш каражаттарды бекитип берүү боюнча кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылга сунушталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча долбоорлор тиркемеге ылайык жактырылып бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылга даярдалган дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорлоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен үлүштүк каражаттар 2025-жылга шаардык бюджеттен 20 806,4 миң сомго бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Орозбаев Н.О.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов |
| Тиркеме Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11декабрындагы II сессиясынын №06/9-2 сандуу токтомуна тиркеме
|
Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджеттен (дем берүүчү) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын
РЕЕСТРИ
№ | Долбоорлордун аталышы | Жалпы суммасы (миң сом) | Жергиликтүү бюджеттен үлүш (миң сом) | үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен |
1 | Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун ҮДТ №2, №3 жайгашкан 2 кабат имаратын ремонттон өткөрүү | 9 983,6 | 4 991,8 | 4 991,8 |
2 | Социалдык объектилерге баруучу ички жолдорду асфальттоо | 9 842, 3 | 4 921,2 | 4 921, 2 |
3 | Негизги жолдорго тротуар куруу | 9 941,3 | 4 970,6 | 4970,6 |
4 | “Кайынды” балдар эс алуучу борборунун административдик корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү | 5 468, 5 | 2734,2 | 2734,2 |
5 | “Келечек” МЧББУнун жылуулук системасын алмаштыруу | 3 997, 3 | 799,5 | 3197,8 |
6 | “Баластан” МЧББУнун жылуулук системасын алмаштыруу | 3 587, 4 | 717,5 | 2 869,9 |
7 | Кетмен-Төбө айылында Коомдук алдын алуу борборунун имаратын ремонтоо | 4900,3 | 980,1 | 3920,3 |
8 | Мэриянын имаратынын жылуулук системасын алмаштыруу | 3457,7 | 691,5 | 2766,2 |
| Баардыгы
| 51178,4 | 20806,4 | 30372,0 |
Жооптуу катчы К.И. Нурматова