Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын I сессиясынын
2024-жылынын 27-ноябры №4
« Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгынын негизинде , 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги III Элдик Курултайга Кетмен-Дөбө айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынсын жана жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүүдө айыл өкмөт боюнча калктын саны эске алынып,
1. Терек-Суу айылы -29делегат
2. Чоң-Арык айылы -19лелегат
3. Кырк-Казык айылы-1делегат
4. Жаңы-Арык айылы-1делегат
5. Чолпон-Ата,Балыкты айылы-9делегат
6. Мазар-Суу айылы-12делегат
7. Ак-Тектир айылы-16делегат
8. Кара-Күнгөй айылы-10делегат
9. Кушчу-Суу айылы-3делегат
жалпы өкүлдөрдүн саны 100 адамдан ашпоосу эске алынсын.
3.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрында саат 10.00до саат 10-00 Курама уулу Турусбек атындагы №12 жалпы билим берүүчү орто мектебинин залында өткөрүлүүсү белгиленсин.
4. Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Түзүлгөн комиссиянын курамына Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча нускаманын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.С. Алишеров |
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы I уюштуруу сессия- сынын № 4 токтомуна 1-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги
к/№
| Айылдардын аталышы | Жыйындын өткөрүү убактысы | Жыйын өткөрүлүүчү жай |
1 | Кара-Күнгөй | 04-декабрь, саат 10.00 | Т.Жаманкулов мектеби |
2 | Ак-Тектир | 04-декабрь, саат 12-30 | С.Нурманбетов мектеби |
3 | Чолпон-Ата,Балыкты | 04-декабрь, саат 15-00 | Данканай мектеби |
4 | Кушчу-Суу | 04-декабрь, саат 17-00 | Ж.Тоялиев мектеби |
5 | Мазар-Суу | 05-декабрь, саат 18-30 | Жоомарт мектеби |
6 | Чоң-Арык | 05-декабрь, саат 14.00 | Коргол орто мектеби |
7 | Терек-Суу | 05-декабрь, саат 11.00 | Курама уулу Турусбек |
8 | Кырк-Казык | 05-декабрь, саат 15-30 | Кырк-Казык мектеби |
9 | Жаны-Арык | 05-декабрь, саат 18-00 | Жаңы-Арык мектеби |
Жооптуу катчы: | Д.Турумкулова |
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы I уюштуруу сессия- сынын № 4 токтомуна 2-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№ | Аты-жөнү | кызматы | Жашаган жери |
1 | Алишеров Айдар Сыдыкович | Жумушчу топтун төрагасы | Терек-Суу |
2 | Жеенбаева Керемет Жумашалиевна | Жумушчу топтун катчысы | Ак-Тектир айылы |
3 | Мейманалиева Гүлназ | Жумушчу топтун мүчөсү | Кара-Күнгөй |
4 | Чотоева Гүлзат | Жумушчу топтун мүчөсү | Терек-Суу |
5 | Жуманаалы уулу Токтомамбет | Жумушчу топтун мүчөсү | Чон-Арык |
6 | Оргараев Жолчубек | Жумушчу топтун мүчөсү | Чолпон-Ата |
7 | Айтыкеев Замирбек | Жумушчу топтун мүчөсү | Мазар-Суу |
Жооптуу катчы: | Д.Турумкулова |